Евробиримдик Кыргызстанга суу тармагын өнүктүрүүгө 17 млн евро грант берет

13:55, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Евробиримдик Кыргызстанга суу ресурстарын башкаруу тутумун реформалоо жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн 17 миллион евро гранттык жардам бере турганын Каржы министрлиги билдирди.

Келишимге 10-октябрда Брюсселде Global Gateway форумунда кол коюлган.

Каржы министрлиги грант суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоого, инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатууга жана сууну туруктуу пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталганын белгиледи.