Кыргызстандын бардык курулуш объектилеринде «Бирдиктүү паспорт» киргизилет

14:18, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министрлиги өлкөнүн бардык курулуш объектилери үчүн милдеттүү болгон курулуш объектилеринин маалыматтык паспортунун бирдиктүү форматын киргизүүдө.

Фото Курулуш министрлиги. Кыргызстандын бардык курулуш объектилеринде «Бирдиктүү паспорт» киргизилет
Маалыматка ылайык, буга чейин курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган ар кандай үлгүдөгү паспорттор илинип келген. Эми, жарандарга жетиликтүү болуш үчүн ар бир курулуш объектинде бирдей үлгүдө даярдалган ачык жана түшүнүктүү маалыматты камтыган «Бирдиктүү паспорт» илиниши керек. Бул документ аркылуу жарандар объект тууралуу толук маалымат алып, курулуш ишинин мыйзам чегинде жүрүп жатканын көрө алат.

Бирдиктүү паспортто төмөнкү маалыматтар камтылат:

  • Курулуш министрлигинин расмий белгиси (логотип)
  • Объекттин аталышы жана дареги
  • Курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын маалыматы
  • Жооптуу адистердин аты-жөнү жана байланыш номери
  • Уруксат берилген документтердин номери
  • Башталышы жана аяктоо мөөнөттөрү

QR-код аркылуу жарандар объектке байланыштуу кошумча жана расмий маалыматты онлайн көрө алат.

Бул кадам курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздап, жарандардын суроолоруна жоопту түздөн-түз объекттен эле алуу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Министрлик бардык курулуш компанияларын бекитилген талаптарга ылайык иш алып барууга чакырат.