14:38, 13 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары К.Б.Ш жана жаран А.Т.Н 200 миң доллар талап кылып жаткан жеринен кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, бизнес өкүлүнүн ишенимине кирип алганы аныкталган. Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жалган байланыштарды көрсөтүп, акча талап кылышкан.
Тергөө иш-чаралары уланууда.