22:24
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Адилет Жанузаков Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Экономика жана соода министрлигинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору болуп Адилет Жанузаков дайындалды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Адилет Жанузаков 1986-жылы 4-июлда Бишкек шаарында туулган. Ал Орусиянын Коргоо министрлигинин Аскердик университетинде билим алып, 2009-жылы юридикалык факультетти артыкчылык диплому менен аяктаган.

2024-жылдын мартынан 2025-жылдын мартына чейин — Юстиция министрлигинин Коопсуздук жана эскорт кызматынын төрагасы.

2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин — Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо жана соттолгондорду жана камактагы адамдарды коштоо башкармалыгынын башчысы.

2021-жылдын октябрынан 2023-жылдын январына чейин — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаал борборунун директору.

2021-жылдын майынан 2021-жылдын октябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.

2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын майына чейин — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2020-жылдын августунан 2020-жылдын октябрына чейин — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.

2018-жылдын январынан 2020-жылдын августуна чейин — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2013-жылдын мартынан 2018-жылдын январь айына чейин — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору.

Эң көп окулган жаңылыктар