08:00, 14 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
13-19-октябрга чейин Бишкекте 17 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы Азия Кубогунун тандап алуу оюндары өтүп жатканын Кыргызстандын Аялдар футбол ассоциациясы билдирди.
Тандоо туруна жалпысынан 27 курама команда сегиз тайпага бөлүнүп катышууда. 2026-жылы Кытайда өтө турган U-17 Азия кубогунун финалына ар бир тайпадан алдыңкы командалар гана чыгат.
Испаниялык машыктыруучу Антонио Меса машыктырган Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы «G» тайпасында Индия жана Өзбекстандын курамалары менен күч сынашат.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн мелдештин ачылышында Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Индиядан келген атаандаштары менен беттешип, 1:2 эсебинде утулуп калды. Команданын жалгыз голун 34-мүнөттө Акмарал Саякбаева киргизди.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 30-апрелинен 17-майына чейин Кытайда өтөт. Ага жалпысынан 12 курама команда жолдомо алат.