Владимир Плоских. Тарыхтын сакчысы жана Кыргызстандын өтмүшүнүн жол чырагы (1)

12:00, 14 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com , Айзада КУТУЕВА

Советтик жана кыргыздын көрүнүктүү окумуштуусу Владимир Плоскихтин ысмы өз Мекенинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү. Ал Борбордук Азиянын маданий мурастарын изилдөөгө жана сактоого эбегейсиз зор салым кошкон. Анын аты Кыргыз тарыхый жылнамасында акыйкат аталып, жазылып калды.

Изилдөөчү, тарыхчы, археолог, педагог, жазуучу Владимир Михайлович Плоских 2025-жылдын 31-июлунда 87 жаш курагында чын дүйнө салды. Анын ....жолун жана бүтпөй калган улуу ишин шакирттери улантып жатышат...

Фото Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды. Владимир Плоских

Айтылуу Акмолодон кыргыз илиминин бийиктигине карай

Владимир Михайлович 1937-жылы 10-апрелде Акмолодо (азыркы Астана) туулган. Туугандарынын айтымында, ал Кыргызстандын борборуна казак талаасынан кокустан келип калган: Ал Алматыдагы физика-математика факультетине тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Бирок Фрунзеге документтерин кабыл алуу комиссиясына тапшырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билет. Ошентип, ага жетишип калат. Экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, өлкөнүн болочок тарыхчысы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетине кабыл алынат. Кийин филология факультетин дагы аяктап, эки дипломдун ээси болот.

Эмгек жолун мектепте тарых жана адабият сабагынан баштаган. Бирок ал өзүнүн чыныгы багытын Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тарых институтунун дубалынан тапты. Дал ошол жерде лаборант болуп иштеп жүрүп, алгач Алайга археологиялык экспедицияга барган. Владимир Плоских тагдырын Кыргызстан менен түбөлүк байланыштырганын дал ошол сапарында түшүнсө керек.

47 жылдык эмгек жолунда кенже илимий кызматкерден Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президентине чейин жеткен.

Фото Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды. Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды

Тарыхый адилеттүүлүк жөнүндө

Владимир Михайлович археология, этнография жана булак таануу боюнча таанылган адис болгон. Анын илимий эмгектери кыргыз элинин тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, бай маданий мурасын изилдөөдө фундаменталдуу болуп калды.

Анын алгачкы эмгектерине кыргыз элинин Россияга кошулуу алдындагы агрардык мамилелери боюнча изилдөөлөр, ошондой эле кыргыз-орус биринчи элчиликтери жана XVIII-XIX кылымдардагы кыргыз элинин эл аралык мамилелери тууралуу китептер бар.

Окумуштуу «Кыргызстан — Россия: XVIII-XX кылымдардагы мамилелердин тарыхы» (1998–2007) деген төрт документ жыйнагын түзгөн жана редактору болгон. Ал 1916-жылдагы Үркүн боюнча архивдик маалыматтардын негизинде эмгектерди жазган.

1977-жылы Владимир Плоскихтин «Кыргыздар жана Кокон хандыгы» аттуу монументалдык монографиясы жарык көргөн. Кийин Москвада ушул темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

1980-жылдардын аягынан тартып Владимир Михайлович СССРдеги жана Кыргызстандагы тоталитардык режимдин тарыхын изилдеген. Анын изилдөөлөрүнүн натыйжалары 1930-жылдардагы көптөгөн бейкүнөө курмандыктарды реабилитациялоого салым кошкон.

Фото Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды. Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды

Окумуштуунун үй-бүлөсүнүн көптөн берки досу, «Литературный Кыргызстан» журналынын башкы редактору Александр Иванов «Владимир Плоских» аттуу китебинде анын өмүр барактарынын бирин мындай баяндаган:

«Володя КГБнын ички ыйык делген кампасына кирип, анда репрессияга учурагандар тууралуу жазылган документтерди кылдат изилдеген биринчи окумуштуу болду. Ошентип, бул ири илимий эмгек ушул мезгилди чагылдырууда толук ачыкталып, аныктыкка жетишти. Андагы айтылган фактылар азыркыга чейин өлкөдө көптөгөн коомчулукка тиешелүү пресс-конференциялардын авторлору тарабынан келтирилип жаткандыгы кокусунан эмес.

Бирок Плоских бул маанилүү, асыл ишти колго алып, башында пландалгандан да тереңдеп кетпесе, өзү болмок эмес

Аны Кыргызстандын илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлеринин, ошондой эле репрессияга кабылгандардын куттуу ысымдарын сактап калуу үчүн кызмат -беделин курмандыкка чалган адамдардын кайгылуу тагдыры кызыктырды.

Мына ошентип:

  • Кыргыз Совет мамлекетинин алгачкы коомдук ишмерлердин бири Абдыкерим Садыков жөнүндө курч китептер жазылды;
  • Көрүнүктүү орус окумуштуусу жана күжүрмөн, алдыңкы полиглот лингвист Евгений Дмитриевич Поливанов жөнүндө;
  • Кыргыз тил илиминин классиги, окумуштуу, акын, драматург Касым Тыныстанов жөнүндө;
  • Көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов жөнүндө;
  • Теңдешсиз кыргыз лексикографы Константин Кузьмич Юдахин жана башка көптөгөн адамдар жөнүндө», — деп эскерет Александр Иванов.

Ал эми мурда жашыруун болгон архивдик материалдардын негизинде жазылган «Манас күнөөсүн мойнуна алган жок» китеби кыргыз оппозициясынын лидерлеринин аянычтуу тагдырын ачып берген.

Владимир Плоскихтин илимий изилдөөлөрүнүн жана кылдат эмгегинин натыйжасында «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Байыркы доордон азыркы учурга чейин» деген глобалдык концепция түзүлдү.

Анын «Кыргызстан тарыхы» деген окуу китептерин бүгүнкү күндө мектеп окуучулары, студенттер окуп, колдонуп жатышат.

Суу астындагы сырлар жана байыркы цивилизациялар

Владимир Михайловичтин ишинин эң кызыктуу багыттарынын бири Ысык-Көлдөгү суу астындагы археологиялык изилдөөлөр болгон. Ал чейрек кылым боюу Эл аралык экспедицияларды жетектеген.

Фото Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды. Владимир Плоских

Көлдүн астына чөгүп кеткен орто кылымдагы христиан чиркөөсүнүн уламышы Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө кызуу талкууну жаратууда. Дин өкүлдөрү дагы эле, ушул чиркөөнүн дубалында Машаяктын 12 элчисинин бири болгон Инжилист Матайдын калдыктары калгандыгын айтып келишет.

Ысык-Көлдө чиркөөнүн бар экенин далилдеген документтердин бири — биздин замандын 1375-жылдагы каталон картасы деп аталат. Баса, Петр Семенов-Тян-Шанский «1856-1857-жылдары Тянь-Шаньга саякат» деген эмгегинде бул картаны Венецияда жүргөндө көргөнүн билдирген. Анда Ысык-Көл жана чиркөө көрсөтүлгөн.

2003-жылдын жай айларында Россиянын суу астындагы кызматтар Конфедерациясынын аквалангисттери экспедицияга катышкан. Ошондо Кара-Ой булуңунан сак дооруна таандык эки коло казан табылган. Алардын жашы? болжол менен 2500 жыл. Мындай эрдик бүткүл дүйнөдөгү археологдор кыялданган нерсеси болуп калды.

Мугалим, насаатчы жана жазуучу

Ысык-Көлдүн тарыхына токтоло турган болсок, Владимир Плоских менен Владимир Мокрыниндин бирге авторлош катары жазган «Ысык-Көл: чөккөн шаарлар» (1988), «Ысык-Көлдүн жээгинде» (1992), ошондой эле «Борбордук Азиянын Атлантидасы — Улуу Жибек Жолу (2004) деген китептерди эске салуу жетиштүү. Анда Ысык-Көлдү Евразиянын «пульсациялаган жүрөгү» деп аташат. (Анда көгүлтүр Ысык-Көлдү «Евразиянын күрөө тамыры» деп аташат)

Окумуштуулар жарыялаган макалаларында «Байыркы Ысык-Көл цивилизациясынын көйгөйлөрү», «Чыңгызхандын казынасы: мифпи же чындыкпы?» жана «Ысык-Көлдүн түбүндөгү христиан ыйыктыктары» деген суроолорго кайрылышкан. Мындан тышкары тоолордо жана Ысык-Көлдүн түбүндө катылган кенчтер жөнүндө уламыштар ооздон-оозго гана айтылбастан, жазма булактарда да эскерилет», — дешет тарыхчылар.

Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды. Экспедицияда

30 жылдан ашык убакыттан бери Владимир Михайлович Кыргыз-Орус Славян университетинин тарых жана маданият таануу кафедрасын жетектеп, окуу иштери менен изилдөөлөрүн айкалыштырып келген. Ошондой эле Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын диссертациялык кеңешин жетектеген.

Ал студент жана шакирттердин көптөгөн насаатчылык катарын дрярдаган: 26 илимдин кандидаты жана 10 илимдин доктору.

«Амангазиев» этабы

Залкар изилдөөчүнүн өмүрүндөгү «Амангазиев» этабын жаш кыргызстандыктар билбесе керек.

Бул Аман Газиев үч тарыхчы достун — Юрий Бородин, Владимир Мокрынин жана Владимир Плоскихтин жамааттык псевданими болуп аталат.

Аман Газиевдин алгачкы тарыхый кыска аңгемелери «Литературный Киргизстан» журналына жарыяланып, ийгиликтүү болгон. Окурмандар таң калып, чоң кызыгууну жараткан. Анда Кыргыз ССРинин Жазуучулар Союзунда Аман Газиевди эч ким таанычу эмес. Бирок баары анын жазганына суктанышкан. Тандаган темалары абдан кызыктуу жана ынанымдуу болгон.

Фактыларды жана архивдик материалдарды жык толгон, терең билимге негизделген эмгектер окурмандарды кызыктырып гана тим болбостон, кыргыз элинин тарыхын мүмкүн болушунча так айтып, эбегейсиз ийгиликке жетишкен.

1990-жылы «Яксарттардын жээгинде», 1991-жылы «Курманжан Датка: Алайдын таажысыз ханышасы», «Барсбек: Кыргыздардын каганы», жана акырында «Пулат хан» жарык көргөн. Бул китептердин баары дароо сатылып кетти.

Фото Үй-бүлөнүн жеке архивинен алынды. Плоских тарткан сүрөт

Аман Газиев жана башка авторлордун тарыхый жанрдагы чыгармалары эмнеси менен айырмаланат?

Өткөн доордун атактуу романчылары эреже катары оюн-зооктуу татаал сюжеттерге умтулуп, көбүнчө тарыхый чындыкты көз жаздымда калтырып, анахронизмге жол берип, окуялар менен каармандарды бир доордон экинчи доорго өткөрө беришкен. Башкача айтканда, көркөм тарыхый баяндоо эрежелерин карманышкан.

Владимир Плоских окуяны баяндоодо биринчи кезекте тарыхый чындыкты айтуу милдетин койгон: баалуулугу, мыкты адабий тил, кызыктуу сюжеттик бурулуштар сөзсүз болгон, бирок реалдуу фактыларды бурмалап, көбүртүп-жабыртууга жол берген эмес.

Документтер, архивдик материалдар, тарыхый хроникалар абдан так, таасын көрсөтүлүп, кээде цитаталар да келтирилет. Ошондуктан, Петербург шаарына Екатерина II жолугууга элчи жөнөткөн акылман манап Атаке-баатыр, теңдешсиз даанышман Курманжан датка, аскер ишмери Шабдан Баатыр, эр жүрөк Байтик Баатыр окурмандын алдына тирүү, жандуу инсан катары чыгат, ошентсе да алар толугу менен чыныгы тарыхый инсандар болушкан.