16:25
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Манас шаарында Транспорт каражаттарын каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Манас шаарында президенттик аппараттын алдындагы Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук курамды окутуу мамлекеттик борборунун кызматкерлери автомектептин окуучуларынан практикалык айдоочулук экзамендерге байланыштуу коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, борбордун кызматкерлери жеке автомектептердин инструкторлору менен сүйлөшүп, айдоочулук экзамендерин тапшыруу үчүн окуучулардан системалуу түрдө акча чогултууну уюштурушкан.

Схемага ылайык, авто мектептердин окуучулары акча каражаттарын (5000 сомдон 10 000 сомго чейин) ортомчу жарандарга өткөрүп беришкен. Алар өз кезегинде мекеменин кызматкерлери аркылуу сынактарды тапшырууда акча бергендердин оң баа алуусун камсыздашкан. Практикалык сынак тапшырган күнү 10дон 15ке чейинки окуучулар бул коррупциялык схемадан өтүшкөн, ал эми уюштуруучулардын мыйзамсыз кирешеси күн сайын 30 000 сомдон 50 000 сомго чейинки көрсөткүчтү түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жана алардын шериктери Б.М.М., Д.Т.А., С.Э.А. жана М.Б.А аттуу жарандар кезектеги пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар