Бишкектин жаңы башкы планы ноябрда коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу вице-мэр Азамат Кадыров шаардык кеңештин сессиясында билдирди.
Анын айтымында, каалоочулар өз сунуштарын бере алышат.
Аткаминер genplan.bishkek.gov.kg сайты түзүлгөнүн кошумчалады.
Башкы планда шаардын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү аныкталган. Аны өнүктүрүү Бишкек шаарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.
Веб-сайтта башкы план тургундардын пикирин эске алуу менен иштелип жатканы айтылат.
«Сиз өз ой-пикириңизди бөлүшүү жана сурамжылоого (шаардык чөйрөнүн сапаты жана мобилдүүлүк) катышуу менен документти иштеп чыгууга салым кошо аласыз, анын жыйынтыгы долбоорду иштеп чыгууда эске алынат», — деп чакырышат чиновниктер.