13:53, 14 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Чүй ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизат менен камсыздоо жана таратуу тармагын уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун аймагында жашаган «Р» аттуу жаран жана анын айланасындагы адамдар баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) мыйзамсыз алуу жана андан ары сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөндүгү боюнча маалымат келген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатын мыйзамсыз сатууга шектүү катары 1965-жылы туулган С.А. аттуу жаран аныкталган.
Экспертизанын жыйынтыгында бул зат кара куурай (гашиш) болгон.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.