14:35, 14 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттердин жарандарын ишке орноштуруу процессин жеңилдеткен жарлыкка кол койду. Документ 10-октябрда расмий гезит Resmî Gazeteде жарыяланды.
Эми Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары Түркияда татаал уруксат процедуралары жок иштей алышат. Аскердик жана коопсуздук органдарындагы кызматты кошпогондо, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде ишкердик жана кесиптик иш жүргүзүүгө уруксат берилет.
Жарлыкка ылайык, чет элдиктер түрк жарандары менен бирдей шартта кесиптик бирикмелерге каттоого турууга милдеттүү. Турак-жай жана ишке орношуу үчүн Түркиянын жарандыгын алуу талабы да жоюлган. Жаңы эрежелер шайлоого катышууга жана шайланууга укук бербейт.
Мындай чечим 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун 12-саммитинен көп өтпөй кабыл алынган. Жолугушууда өлкө башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана түрк дүйнөсүнүн ичинде жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү ниетин билдиришти.
Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) 2009-жылы октябрда Түрк Кеңеши катары түзүлгөн. Азыркы аталышын 2021-жылы алган. Ага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө. Байкоочулар арасында Венгрия, Түркмөнстан жана жарым-жартылай таанылган Түндүк Кипр Түрк Республикасы бар.