02:17
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Күрөш боюнча Азиянын жаш чемпиондору Кыргызстандын президентинин атынан сыйланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин атынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 15 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Бишкекте өткөн бул ири эл аралык мелдешке Азиянын 45 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчусу катышкан. Анда өлкөнүн жаш балбандары 5 алтын, 8 күмүш, 17 коло болуп жалпысынан 30 медаль жеңип алышкан.

«Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан сиздерди жеңишиңиздер менен куттуктайбыз. Бул чоң жеңиш жаштарыбыздын эрктүүлүгүнүн, жогорку деңгээлдеги даярдыгынын, Мекенге болгон сүйүүсүнүн айкын далили. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров спортту колдоого, жаштардын ден соолугун чыңдоого, эл аралык чемпиондорду тарбиялоого өзгөчө басым жасап келет. Спорт — бул элдин күчү, элинин намысы, мамлекетинин кадыр-баркы. Акыркы жылдары өлкөбүздө спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча көп иштер жүргүзүлүп, таланттуу улан-кыздарга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мына ушул аракеттердин аркасында Кыргызстанда сиздердей күчтүү, аракетчил, дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын жаңы мууну өсүп келе жатат», — деди Адылбек Касымалиев.

Минкаб төрагасы жаш балбандардан келечекте дүйнө чемпиондору жана олимпиада жеңүүчүлөрү болуп өсөөрүнө ишенимин билдирип, аларга бекем ден соолук, жаңы спорттук ийгиликтерди жана жаркыраган жеңиштерди каалады.

Алтын, күмүш жана коло медалдардын ээлерине 150 000, 100 000 жана 50 000 сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар