Талас облусундагы жеке менчикке өтүп кеткен турмуш-тиричилик комбинаты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.
Бакай-Ата айылынын борборундагы эки кабаттуу имарат мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Анын аянты 937 чарчы метрди түзөт, ал эми ал жайгашкан жердин жалпы аянты 0,16 гектарды түзөт.
Тийиштүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүндө, аталган имарат жана ал жайгашкан жер тилкесин мамлекеттин эсебине, т.а. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүнө кайтарылып берилди.