22:52
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

УКМКнын жаңы имаратында атайын кызматтын ардагерлеринин жыйыны өттү

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Жолугушуунун алкагында ардагерлер жаңы административдик имараттагы иш шарттары жана инфраструктурасы менен таанышышты.

Фото Камчыбек Ташиев атайын кызматтын мурдагы жетекчилери жана ардагерлери менен жолугушту

Мындай форматтагы жолугушууда ардагерлер мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен бейформал баарлашуу өткөрүп, эскерүүлөрү менен бөлүшүп, каалоо-тилектерин айтышты.

Жолугушууда социалдык колдоо, өз ара кызматташтыкты бекемдөө, маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүү боюнча маселелер да талкууланды. Айрыкча, жаш муунду мекенчилдикке жана кызматтык милдетке берилүү менен тарбиялоо темасына өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, ардагерлер коому салттуу түрдө жарандарды патриоттук тарбиялоодо, тарыхый мурасты сактоодо жана коомдук биримдикти чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Аталган клубдун ишмердүүлүгү мурдагы кызматкерлерди колдоого жана коомдук мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар