Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Грузиянын командасы менен беттешет

08:30, 15 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Грузиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу спорттун ассоциациясы социалдык тармактарга жарыялады.

Ассоциациядан билдиришкендей, оюндар 18-20-октябрда Тбилисиде өтөт.

Учурда команда 2026-жылкы Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Азия Кубогунун финалдык оюндары 27-январдан 7-февралга чейин Индонезияда өтөт.Турнирде он алты команда төрт тайпага бөлүнүп күч сынашат.