19:18
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Өлкөдө айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керек

Кыргызстан 1000ге жакын айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1,2 миллиард доллар инвестиция керек. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Римдеги ФАОнун штаб-квартирасында «Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери» сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

Ал белгилегендей, суу стратегиялык ресурс болуп, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, экологияга жана калктын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

«2050-жылга карата жер шарынын калкынын жарымы суунун тартыштыгына дуушар болушу мүмкүн», -деп кошумчалады айыл чарба министри.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Борбор Азияда 10 миллионго жакын адам дагы эле таза сууга жетпейт, суу менен камсыздоо инфраструктурасы 80 пайызга начарлап, суунун жоготуулары 55 пайызга жетет.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстан 960 айылды суу менен камсыз кылуу үчүн 1,2 миллиард доллар инвестиция талап кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар