«Айыл Банк» асыл тукум мал чарбасы үчүн 3 пайыз жеңилдетилген насыя сунуштайт
17:39, 15 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
«Айыл Банк» асыл тукум мал чарбасы менен алектенгендер үчүн жеңилдетилген кредиттик продукттун сунуштайт. Бул фермерлер, импорттоочулар жана жасалма уруктандыруучу техник-адистер үчүн чарбаны жаңылоого, таза тукумдуу малды же заманбап жабдууларды алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ставка: жылына болгону 3 пайыз(НПЧ — 3,04 пайыздан баштап);
Мөөнөт: 60 айга чейин;
Жеңилдетилген мөөнөт:
— Негизги карыз боюнча — 6 айга чейин;
— Пайыздар боюнча — зарыл болсо 3 айга чейин;
Кепилдик:
— 500 000 сомго чейинки сумма — күрөөсүз;
— 500 000 сомдон жогору — күрөө менен банктагы ички талаптарга ылайык;
Төлөм: бизнесиңиздин киреше агымына ылайык.
Программа кимдерге ылайыктуу:
Тукумдук заводдор жана фермердик чарбалар;
Ири мүйүздүү мал менен иштеген жеке ишкерлер жана импорттоочулар;
Жасалма уруктандыруу пункттарын жабдуу үчүн техник-адистер.
Эмне сатып алууга болот:
Ички жана чет өлкөлүк селекциядагы таза тукум ири мүйүздүү мал;
Жасалма уруктандыруу үчүн керектүү жабдуулар.
Банк белгилегендей, бүгүнкү күндө сапаттуу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу абдан маанилүү. Чарбаңыздын өнүгүүсү үчүн минималдуу тобокелдиктер менен максималдуу пайда.