05:30
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Бүгүн Бишкекте «Тактеке» спектаклинин бет ачары өтөт

16-17-октябрда Бишкектеги А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эл акыны Кыялбек Урманбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Тактеке» спектаклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклдин режиссёру — Айнура Качкынбек кызы, сүрөтчү-коюучу — Мариам Аблакова, хореографы — КР эмгек сиңирген маданият кызматкери Сергей Стрельцов.

«Тактеке» — жөн гана окуя эмес. Бул ар бир көрүүчү өзүн таап кала турган философиялык тамсил. Башкы каарман күч менен алсыздыктын, текебердик менен тобонун, кыйроо менен кайра тирилүүнүн ортосунда турат.

Спектаклде байыркы Кожожаш тууралуу эпос менен азыркы доор чебердик менен айкалышат. Музыка, кыймыл жана жымжырттык аркылуу актёрлор түбөлүктүү темаларды — адамды, жаратылышты жана жан дүйнөнү айтып беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар