10:00, 16 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com , Айзада КУТУЕВА
Советтик жана кыргыздын көрүнүктүү окумуштуусу Владимир Плоскихтин ысмы өз Мекенинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү. Ал Борбордук Азиянын маданий мурастарын изилдөөгө жана сактоого эбегейсиз салым кошкон. Анын аты Кыргыз тарыхый летописине түбөлүк жазылып калды.
Изилдөөчү, тарыхчы, археолог, педагог жана жазуучу Владимир Михайлович Плоских 2025-жылдын 31-июлунда 87 жаш курагында чын дүйнө салган. Анын окуучу жана шакирттери улуу эмгегин улантууда...
Бул чыгарылыштын экинчи бөлүгүндө 24-kg.com басылмасы илимпоздун биринчи жана жалгыз сүйүүсү, үй-бүлөсү, династиясы тууралуу сөз кылат.
Михаличтин сүйүүсү
Владимир Плоских жубайы Валентина Воропаева менен 64 жыл бирге жашады. Ал балдарынын энеси эле эмес, окумуштуунун музасы, шериги жана жан рухундай жакын адамына айланган.
Валентина Алексеевна 86 жаш кутман курагына чыкканына карабастан, алардын чогуу жашаган ар бир этабын так, даана эстеп, жолдошунун кеткенине дагы деле ишене албайт. Бул азаптуу жана ачуу болсо да, ал баардыгын дайыма ширин жылмаюу менен эстейт.
«Күйөөмдү Михалыч деп көп айтышчу. Ал кандай гана чөйрө болбосун, компаниянын шайыры болуп, көңүлдөрдү көтөрүп, жашоону бардык жактан жакшы көрчү. Мен Владимирди биринчи жолу университетке тапшыруу экзамендеринде көргөм. Ал узун бойлуу, чачы тармал, күлкүсү жүзүндө эле. Андан кийин студенттик чогу күндөрүбүз болду. Ошондо чыныгы достугун, жигиттигин көргөзүп, ал тургай, өзүнүн сүйүктүүсүнө гүл сунуу үчүн көлгө чөмүлүүгө даяр болгон. Мына ошондон кийин биздин үй-бүлөдө гүлдөрдүн болушу керек деген ырым-жырым жашап калган. Ал романтик жана өмүр боюу эле издөөчү бойдон калды», — деп эскерет Валентина Воропаева.
Тарыхчылардын династиясы
Владимир Плоскихтин жубайы, билими боюнча тарыхчы. КРСУда көп жылдар бою мугалим болуп иштеген, бир нече илимий жана адабий эмгектердин автору.
Жубайлардын эки баласы бар. Алардын кызы Светлана дагы тарыхчы атасынын жолун жолдоп, совет доорундагы репрессияга кабылган интеллигенциянын тагдырын изилдеп жатат. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери университетте сабак берип келет.
Тарыхчынын кызынын айтымында, ал кесип тандоо тууралуу көп ойлонгон эмес. «Менин тандоомду чөйрөм аныктады. Үй-бүлөдө тарых тынымсыз талкууланып турганда, кайдыгер кароо кыйын болот. Атам ар дайым кең пейил, боорукер, тынымсыз эмгекчил адам катары элдин эсинде калат. Кимдир-бирөө мактаса, «нерологдо айтасыңар» деп тамашалап койчу», — деп эскерет Светлана жылмайып.
Аккан арыктан суу агат дегендей Владимир Плоскихтин уулу Василий жана кызы Виктория да ата-энесинин жолун жолдоп, тарыхчы болушту. Учурда экөө тең КРСУда сабак беришет.
Василий Владимирович 1985-жылдан бери атасы менен бирге гана иштешпестен, экспедицияларга да катышып, Ысык-Көлдү изилдөөнүн татыктуу улантуучусу болуп калды. Ал акыркы он жыл ичинде анын орун басары катары ар кайсы өлкөлөрдөн келген суучулдар менен тыгыз кызматташып, Ысык-Көлгө эл аралык экспедицияларды уюштурууда.
Василий Плоских Ысык-Көлдөгү чөккөн эстеликтердин тарыхы жана изилдөөсү боюнча кандидаттык диссертациясын коргоп, бир нече монографиялардын жана илимий макалалардын автору.
Ысык-Көлдүн суу астындагы чалгындоо иштеринин негизинде кыргыз, орус жана япон кинорежиссёрлору бир нече даректүү тасма тартышкан.
Эстелик музейи
Тарых жана маданият факультетинин студенттеринин көп жылдык экспедициялык иштеринин жана археологиялык-этнографиялык практикасынын натыйжасында КРСУнун Тарыхый-археологиялык музейи ачылган. Анын коллекциялары 1995-жылдан бери тынымсыз толукталып, көбөйүп келе жатат.
Учурда музейде 2500 коллекция бар жана өзүнүн экспонаттарын университетке жана республикага келген конокторго көрсөтүлүп турат.
Василий Плоских түшүндүргөндөй, музейде өзгөчө уникалдуу экспонаттар бар.
«Бир жолу Далай Лама Красная-Речка конушунан табылган уникалдуу Будданын стелласын көргөнү келген. Белгилүү болгондой, ал жерде мурда буддисттердин чиркөөсү болгон. Ал жерден музейге 12 метрлик жаткан Будданын колу да келип түшкөн. Бул Будданын жер жүзүндөгү чоподон жасалган эң байыркыларынын бири болуп саналат. Аны СССР убагында эле Эрмитажга реставрациялоого жөнөтүлгөн. Себеби, бизде жасоого каражат да, мүмкүнчүлүк да жок болчу. Ошентип, каржылык көйгөйлөрдөн улам, кайтырылып алынган эмес, болгону колдун алаканы гана калган.
Ал эми башка эки метрлик Будданын бир буту бизде бар. Бирок ал жакшы учурларга чейин деп казылган жеринде сакталып турат. Далай Лама бул баалуу, ыйыктык алдында эки саат боюу медитация кылган.
Экспонаттарды чоң суммага сатып алуу же гипстен көчүрмөсүн жасоону каалагандар да болду. Мисалы, казактар менин балбалымды 1500 долларга сатып алмакчы болушкан. Бирок, мен аны Бурана мунарасына жакынында , бир суганчы сууну тосууга колдонуп жаткан жеринен 500 сомго сатып алгам», — деди жылмайып.
Василий Плоских атасын өз жолундагы үлгү жана китептери аркылуу үйрөткөн гуру, жол көрсөтүүчү жарыгы катары сыпаттады.
«Ал кайталангыс инсан эле, мен атам болгондугу үчүн айткан жерим жок. Жашоону сүйчү, бардык нерсеге этияттык менен мамле кылып, бардык жагынан ийгиликке жеткен. Мен дээрлик атамдын кабинеттинде жашачумун. Атам китеп окуп жатканда уктап калчуумун. Ойгонсом дагы эле китеп окуп отурчу.
Ал өзүнүн насыяттары менен көптөгөн адамдарга жардам берип, анын аркасында көптөгөн адамдар жакшы жакка өзгөрүштү. Анын бардык илимий жана көркөм чыгармалары 15 томдуктан турган 17 китепке бириктирилген. Менин Аман Газиевдин көркөм китептерин кыргызча чыгарсам деген тилегим бар. Буга Мар Байжиев аракет кылды бирок тилекке каршы жетишпей калды. Эгерде Аман Газиев тууралуу көп адамдар билсе жакшы болмок», — деп эсептейт тарыхчы.
Василий Плоскихтин басыла элек кол жазмалары жана архивдик материалдары да бар. Анын үй-бүлөсү бул материалдарды жарыкка чыгаруу үчүн иштеп жатат.
Тирүү кезиндеги бюст
Владимир Плоских тирүү кезинде атактуу скульптор Виктор Шестопал жасаган өзүнүн бюстуна ээ болгон. Ал азыр тарыхчынын үйүндө турат.
Валентина Воропаеванын айтымында, бюст таза колодон жасалган.
«Шестопал өзү Владимир Плоскихтин образы абдан эле кызыктуу деп ойлогондуктан муну жасагысы келген. Жолдошум каза болгондо скульптор бюстту көрүстөндөгү эстелик кылууну сунуштаган, бирок мен муну каалабайм, анткени Бөкөнбаевдин эстелигине окшоп, вандалдар коло эритүүгө алып кетишет деп корком. Андан көрө музейге бергеним жакшы болот.
Менин бюстум да Владимир Плоскихтин өзү каалаганы боюнча мрамордон Шестопал жасаган. Баса, алар азыр КРСУнун алдында турган Пушкиндин эстелигинин үстүндө иштеп жүргөндө таанышкан», — деп кошумчалады ал.
Таануу жана мурас
Владимир Михайлович артында 500гө жакын илимий, окуу жана илимий-популярдуу эмгектерди, 70 монографияны жана окуу китептерин камтыган эбегейсиз зор илимий жана маданий мурас калтырды. Анын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда, Кыргыз-Орус Славян университетинде, археологиялык экспедицияларында аткарган иштери, адабий чыгармалары Кыргызстандын илиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы түбөлүккө кала берет.
Владимир Михайлович көптөгөн сыйлыктар жана ардак наамдар менен сыйланган, анын ичинде II жана III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» медалы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер наамы, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, эл агартуунун отличниги.
Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын жана Ош шаарынын 3000 жылдыгын илимий изилдөөнүн негизги демилгечилеринин бири болгон.
Профессор Арон Брудный атактуу агартуучу, окумуштуу Владимир Плоскихтин таланттуулугун анын эң негизги сапаты катары белгилеген: «...ага окшогондорду Кудай берген тарыхчы деп аташат. Ооба, тарых — анын сүйүүсү, кесиби, жана тагдыры. Ал фундаменталдык монографиялардын автору, окуу китептеринин жана программаларынын жаратуучу. Бирок бул анын миң кырдуу таланттынын бир гана тарабы. Ал археолог катары татаал иштерине шыктануу менен жетектеген. Мындан тышкары таланттуу жазуучу катары кызыктуу жана тарыхый жактан так роман, аңгемелерди достору менен бирге басып чыгарган. Аларды окуганда кандайдыр бир ишке ашпай, аткарылбай калган нерселер бар сыяктуу: Ал дипломаттын, жоокердин жана саякатчынын таланты. Владимир Плоских өзүнүн бүт мыкты эмгектерин, мээнетин тарыхый адилеттүүлүк үчүн арнаган.Тарыхый портретчи бул жанрда Кыргызстандын тарыхына атын түбөлүккө калтырган инсандардын психологиялык жактан бай бейнелерин жаркын жаратып кеткен...».
Бул чыгаан окумуштуу, акылман насаатчы, Кыргызстандын чыныгы мекенчил агартуучунун жаркын элеси анын шакирттеринин, кесиптештеринин, жалпы элдин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.