14:09
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Лермонтов көчөсүндөгү «толкундар». Бишкектиктер асфальттын начардыгына нааразы

24-kg.com окурманы
Фото 24-kg.com окурманы. Асфальттагы толкундар

Бишкектин Лермонтов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде жолдо «толкундар» пайда болгон. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына окуяга күбө болгондор билдирди.

Алардын айтымында, ал жерде асфальт начар төшөлгөндүктөн жол тилкеси түзмө-түз «толкундар» болгон. Бул унаалардын секирип, силкилдешинеалып келүүдө.

«Жолдун баары тегиз эмес, деңизде жүргөндөй. Биз мэриянын колл-борборуна бир нече жолу кайрылдык бирок эч кандай өзгөрүү болгон жок», — дешет тургундар.

Алар суук түшкөнгө чейин шаардык кызматтардан маселени чечип, жолдун бетин оңдоону суранышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-октябрь, бейшемби