02:17
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Нарын облусундагы «Маринка» пансионаты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Нарын облусундагы туристтик аймакта жайгашкан 12 гектар жер тилкеси (Маринка пансионаты) мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 1965-жылдын октябрь айында Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик токой фондусуна таандык болгон аталган жер участогу Эмгекчилер депутаттарынын Жумгал райондук Советинин аткаруу комитетинин чечими менен Миң-Куш «Оргтехника» заводуна убактылуу бөлүнүп берилгендиги (туристтик базанын курулушу менен бирге мамлекетке кайтарып беруу шарты менен) белгиленген.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Союз мезгилинде ишкананын кызматкерлери үчүн «Оргтехника» ААКка тиешелүү бул жер тилкесинин аймагында тиешелүү инфраструктурасы бар пансионат (коттедждер, эс алуу үйлөрү ж.б.) түзүлгөн. Союз тарагандан кийин кызыктар жактар тарабынан демонтаждоонун жыйынтыгында иргөө жана сатуу жолу менен талкаланган. «Миң-Куш Оргтехника» заводу 1970-1971-жылдары түптөлүп, эл керектөөчү товарларды (калем, түрдүү түстүү фломастер ж.б.) чыгаруу боюнча Нарын облусундагы алдыңкы өнөр жай жана бюджет түзүүчү ишкана болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында жайгашкан аянты 4,5 га болгон «Оргтехника» ААК «Достук» пионердик лагери кайтарылган, буга чейин ишканага 2,98 га аянты бар Миң-Куш айылындагы ЖЭБдин жер тилкеси, Кыймылсыз мүлк жана товардык-материалдык баалуулуктар, анын ичинде аянты 4,3 га, аянты 20га жакын станок (металл кесүүчү, токарлык, фрезердик, жаргылчак ж.б.) жана аспаптар, заводдун аянты 4,44 га, Миң-Куш айылынын 16 аянтында жайгашкан, аянты 0,19 га болгон мурдагы май куюучу жайдын аймагы, аянты 0,0346 га болгон мурдагы 7-цехтин аймагы, аянты 0,01 га болгон 35 м2 жакын банкет залы, аянты 0,01 га, 4 гараж 30 м2 жана китепкана. «Оргтехника» ААКтын кайтарылган кыймылсыз мүлкүнүн жалпы аянты 18,48 гектарды түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар