Байтик Баатыр көчөсүндө дарак кулап, унааны басып калды

14:17, 16 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө чоң дарак унаанын үстүнө кулап түшкөнүн күбөлөр 24-kg.com басылмасына видео жөнөтүшкөн.

Окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иштеп жатат.

Жабыркагандар жана дарактын кулашынын себеби тууралуу маалымат жок. Окуянын чоо-жайы такталууда.