17:30, 16 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 17-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +20 ... +25;
Талас жергесинде түнкүсүн −3 ... — 8, күндүз +14 ... +19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +22 ... +27 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +16 ... +21;
Нарын аймагында түнкүсүн −2 ... +3, күндүз +16 ... +21 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3... +5, күндүз +22 ... +24 градуска жетет.