09:09, 17 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
«Кепилдик фонд» ААК 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды.
Бул мезгилде жалпы суммасы 2 миллиард 440 миллион сомго 1095 кепилдик берилген. Ишкерлер өнөктөш банктардан 8,52 миллиард сом насыя ала алышты.
Кепилдиктердин эң көп саны айыл чарба тармагына туура келген — 681 кепилдик (62 пайыз). Соода 15 пайызды, транспорт 11 пайызды, кызмат көрсөтүү 4 пайызды, өнөр жай 2 пайызды түздү.
Каражат жагынан айыл чарба продукциясын кайра иштетүү алдыда болуп, кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 33 пайызын түздү.