Казакстанда «Хан-Тенгри» футбол клубунун чабуулчусу беттеш учурунда каза болду

10:11, 17 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото «Хан-Тенгри» футбол клубу . Диас Тулеу

«Хан-Тенрри» футболдук клубунун чабуулчусу Диас Тулеу Казакстандын Биринчи Лигасынын 25-турунда Экибастузду 4:0 эсебинде утуп алган маалда каза болду. Оюн 16-октябрда болгонун «Спорт-Экспресс» басылмасы билдирди.

Беттештин 64-мүнөтүндө 19 жаштагы чабуулчу эч себепсиз жерге кулап түшкөн. Аны талаадан замбилге салып алып кетишкен. Беттештен көп өтпөй Казакстан Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы футболчунун каза болгонун кабарлады.

Диас Тулеу Кайраттын жаштык тутумунун тарбиялануучусу. Ал «Хан-Тенгриге» 2024-жылдын апрель айында эркин агент катары кошулган. Ал бул сезондо 21 беттеш өткөргөн.