Кыргызстан аймагында бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаары — 5;
- Чүй облусу — 3;
- Ош облусу — 5;
- Жалал-Абад облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 1;
- Нарын облусу — 2.
Өрттү өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылды. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.