04:07
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө иштери башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы сезондук эмдөө өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору билдирди.

Эмдөө үчүн Гриппол+ вакцинасынын 63 734 дозасы сатылып алынып, республика боюнча таратылып бүттү.

Эмдөөлөр биринчи кезекте коркунучтуу топторго — балдарга, кош бойлуу аялдарга, медицина кызматкерлерине, өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 65 жаштан ашкан жарандарга арналган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, эмдөө өзгөчө суук жана сасык тумоо маалында оорунун оорлоп кетүү коркунучун азайтууга жардам берет.

Эң көп окулган жаңылыктар