04:05
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Бишкекте «Агротехэкспо-2025» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси ачылды

24-kg.com
Фото 24-kg.com

Бишкектин Т.Усубалиев атындагы аянтында Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан уюштурулган «АгроТехЭкспо-2025» агро өнөр жай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Жыл сайын өтүүчү иш-чара айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда. Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар, жаңы инновациялык айыл чарба технологиялары, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, ошондой эле асыл тукум малдын көргөзмөсү коюлган.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору ата мекендик өндүрүш товарларын, анын ичинде жашылча-жемиш, эт, сүт азыктарын арзан баада сатып ала алышат.

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, көргөзмө-жарманкеге 16 агрокластер жана 200дөн ашык алдыңкы айыл чарба техникаларын жана продукция өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Ал бул көргөзмөнүн өзгөчөлүгүн баса белгиледи:

«Жыл сайын аба ырайы өзгөрүп турат. Быйыл тамчылатып жана жаадырып сугаруу боюнча заманбап системаларды дыйкандарыбызга жана өндүрүүчүлөрүбүзгө көрсөтүп жатабыз. Бул сугат системаларына өтүү биздин министрликтин приоритеттүү маселеси».

Жаныбек Керималиев кошумчалагандай, көргөзмөгө кыргыз окумуштуулары селекциялык жол менен иштеп чыккан жаныбардын жаңы породалары жыл сайын коюлуп турат. Маселен, «Ала-Тоо», «Арашан» тукумундагы койлор сатып алуучуларга айрыкча жакты.

Ысык-Көл районунун Ичке-Булуң айылынын тургуну Тилек Тыналиев пакистандык камори жана битал эчкилерин багып келет. Алар ири көлөмдө жана жакшы сүт берет. Кыргызстанда аларга болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй өсүүдө.

«Мен эчкинин бир нече породасын багып келгем, бирок мага эң ушулар жакты. Алар дагы башкача көрүнөт», — дейт фермер.

Аталган көргөзмө-жарманке 19-октябрга чейин уланат. Бул иш-чаранын негизги максаты — агроөнөржай тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүү, фермерлер менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана айыл чарба кызматкерлеринин эмгегин даңазалоо болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар