Бишкектеги Аламүдүн базарында жаңы роторук унаа токтотуучу жай ачылды

16:05, 17 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Борбор калаада Аламүдүн базарында жайгашкан экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, бул токтотмо унаа токтоочу жерлерди үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген. Төлөм QR-код аркылуу кабыл алынат. Төлөм жүргүзгөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкектеги Аламүдүн базарында жаңы роторук унаа токтотуучу жай ачылды
Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарындагы унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги маселесин чечүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.

Буга чейин Бишкекте биринчи жолу Орто-Сай базарында ротордук унаа токтотуучу жай орнотулган.