Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт. 20-31-октябрда унаа кыймылы чектелет

17:23, 17 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

20-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.

Ага ылайык, таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол инспекторлору тарабынан жол убактылуу жарым-жартылай жабылат. Унаалар үчүн бир тилке ачык болот.

Ишкана жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды ишти түшүнүү менен кабыл алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.