04:07
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Бишкектин 153-маршруту «Манас» аэропортуна түнкү каттамдарды ачты

17-октябрдан тарта 153-маршруту түнкү каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкү автобустар 12:00, 3:00 жана 5:00дө жөнөйт. Бул маршрут каттамы, башкача айтканда, белгиленген аялдамалар менен барат жана белгиленбеген жерлерде жүргүнчүлөрдү түшүрүү же отургузуу жол эрежесин бузуу болуп эсептелет.

№ 153 муниципалдык каттам 12-кичи район менен «Манас» аэропортун байланыштырат.

Жол кире:

  • Накталай акча үчүн 140 сом,
  • Карта менен төлөө үчүн 122 сом.

Буга чейин шаар бийлиги түнкү авиакаттамдардын ачылышы аэропорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана эрте жана кечки каттамдарда жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук түзүү максатында экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар