08:30, 20 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүндөн баштап борбор калаада Х «Art-Ordo — 2025» эл аралык театр фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 20-25-октябрь күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына жана КР эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.
Х эл аралык «Art-Ordo — 2025» юбилейлик театр фестивалына 10 театр бирден спектакль менен катышат.
Фестивалдын негизги максаты — Улуу Жеңишти даңазалоо, Мар Байжиевдин чыгармачылыгын эскерүү, кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаш актёрлорду жана чыгармачыл жаңы муунду колдоо болуп саналат.
Фестиваль төмөнкү төрт театрда өткөрүлөт:
Белгилей кетсек, спектаклдер күнүнө эки жолу — саат 11:00дө жана 19:00дө көрсөтүлөт. Бардык көрүүчүлөр келип көрө алат. Фестивалга кирүү акысыз.