Бишкекте жума жаан-чачынсыз башталат. Бул тууралуу синоптиктердин болжолунда айтылат.
20-октябрда түнкүсүн булут каптап, 4 градус гана жылуу болот. Күндүз ала булут каптап турат, абанын температурасы 19 градуска чейин көтөрүлөт.
21-22-октябрга чейин күн ачык болот. Түнкүсүн сымап 3 градуска чейин төмөндөп, күндүз 22 градуска чейин жылыйт.
23-октябрда аба ырайынын өзгөрүүсүз болушу күтүлөт.