09:09, 20 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар добуш берүү үчүн 71 шайлоо участогун бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим мекендештердин алдыдагы парламенттик шайлоого катышуусун камсыздоо максатында кабыл алынган. Добуш берүү Кыргызстандын 33 өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдуктарында өтөт.
Шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылат:
Мындан тышкары, төмөнкү мамлекеттерде бирден шайлоо тилкеси ачылат: Сауд Аравия, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран, Монголия.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, добуш берүүгө бир күн калганда, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт. Сыртта добуш берүүгө арыздар 28-ноябрга чейин кабыл алынат.
Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылып, расмий жарыяланат.