14:27
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Муниципалдык кызматкерлер калаа көрктөндүрүүсүн бузгандарга айып пул салат

Бишкектин муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери, эми калаа көрктөндүрүүсүнө, жайлуулукту бузуулар үчүн протокол түзүп, айып пул тарта алышат. Бул тууралуу Свердлов райондук акимчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул укук мэриянын 2025-жылдын 3-октябрындагы No286 токтому менен бекитилген. Буга Кылмыш-жаза кодексинин 451 жана 492-беренелери жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 44-беренеси негиз болгон.

Свердлов райондук акимчилиги
Фото Свердлов райондук акимчилиги. Муниципалдык кызматкерлер калаа көрктөндүрүүсүн, жайлуулукту бузгандарга айып пул салат

Свердлов районунун акиминин орун басары Азат Ракымов жергиликтүү аймактык башкармалыктын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, протоколдорду түзүү жана жаза колдонуу тартибин түшүндүрдү. Мыйзам бузууларды ыкчам эсепке алуу жана мыйзам чегинде документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
20-октябрь, дүйшөмбү