10:07, 20 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
2025-жылдын январь айынан август айына чейин Кыргызстандан 446,6 миллион долларлык 4,2 тонна алтын экспорттолду. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитетте камтылган.
Жайдын акыркы айында республика болгону 415,9 килограмм алтын жөнөткөн, анын 229 килограммы Улуу Британияга 24,7 миллион долларга, 186,8 килограммы Швейцарияга 20,5 миллион долларга жөнөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында төмөнкүдөй экспорт жасалган:
2025-жылдын ушул мезгилинде Кыргыз Республикасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4 тоннага аз алтын экспорттогон.