Кыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү жүрүп жатат

12:13, 20 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн Кыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү жүрүп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында дагы үч алыскы добуш берүү бекеттери ачылды: Дордой базарында (Алкан базары), Asia Mall соода борборунда жана Дордой Плаза соода борборунда.

Шайлоо жараянын бардык катышуучуларын тесттик добуш берүүдөн өтүүгө чакырабыз. Сиз каалаган тилкеге келип, жаңы системаны жеке өзүңүз сынап көрө аласыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөбүздүн шайлоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, активдүү жарандык позициясы жана катышуусу үчүн бардыгына терең ыраазычылык билдирет.

Тесттик аралыктан добуш берүүнүн биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында өткөн, ал эми кийинкиси 30-октябрда өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.