17:29, 20 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
УКМК Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңдыдагы бала бакча менен маданият үйүнүн мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы бул социалдык объектилер мыйзамсыз түрдө А.В.Ш аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүлүп берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө азыркы менчик ээси мыйзамсыз менчиктештирүүнү мойнуна алып, объекттерди өз ыктыяры менен жалпы сметалык баасы 641 449 000 сомдук 1,25 га жер менен бирге Кайыңдынын балансына кайтарып берген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, мыйзамсыз менчиктештирилген имараттардын жалпы аянты 2000 чарчы метрден ашкан.
Аталган мекеме мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү аныктоо жана кайтаруу аракеттери уланып жатканын баса белгиледи.