08:00, 21 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 105-орунга чыгып, бир тепкичке жогорулады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын улуттук курамасы бир тепкичке жогору көтөрүлүп, учурда 1201 упай менен 105-орунда турат.
Уюмдун жаңыланган рейтингинде алдынкы топко Испания, Аргентина, Франция, Англиянын курама командалары кирген.