03:26
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Бүгүн «Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 21-октябрдан тарта «Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» конуштарында ичүүчү суу токтотулат.Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү саат 9:00дөн 15:00гө чейин созулуп, турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле ишканаларга жана башка социалдык-тиричилик объектилерине таасирин тийгизет.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Суу берүүнүн убактылуу үзгүлтүккө учурашы «Ала-Тоо» конушундагы суу алгычтарда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана тургундарды оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар