09:44, 21 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Кароо-сынак улуттук эпостордун жана дастан өнөрүнүн мурастарын келечек муунга өткөрүү, өнүктүрүү, жаш таланттардын шыктандыруу, коомчулукка таанылуусуна шарт түзүү максатын көздөйт.
Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.
Кароо-сынак эки айлампа менен өтөт:
Кароо-сынак 17-ноябрда Кыргыз улуттук Манас театрында өтөт.