7-апрель көчөсүндө жүк ташуучу унаанын айдоочусу жол белгисин бузуп, бийиктиктеги тосмону кулаткан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын (ЖККМ) басма сөз кызматы билдирди.
Окуянын кесепетинен убактылуу тыгын пайда болгон. Кырсык болгон жерге Жол кайгуул кызматкерлери ыкчам жетип, жол кыймылын калыбына келтирип, айдоочу менен жол эрежесин так сактоо боюнча баарлашты.
Эреже бузган айдоочуга тиешелүү чара көрүлдү. Бактыга жараша, окуядан эч ким жабыркаган эмес.
Жол кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды жолдо этият болууга жана жол эрежелерин жана жол белгилерин сактоого чакырат.