Кыргызстандын президенти Элдик Курултайдын датасын жылдырды

10:23, 21 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

IV Элдик Курултай мурда белгиленгендей 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт.

Мындай өзгөртүүлөрдү президент Садыр Жапаров ушул жылдын сентябрь айында чыгарган жарлыгы менен киргизген. Кийинкиге жылдыруунун себеби тактала элек.

Эске сала кетсек, Конституциянын 2021-жылдагы вариантында Элдик Курултай институту бар. Ал 2022-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет.