14:59
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 5-ноябрда башталат

Кыргызстандагы мектептерде 2025—2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5—9-ноябрь күндөрүнө белгиленди.

"Күзгү каникул маалында окуучуларга пайдалуу жана коопсуз эс алуу каалайбыз. Ата-энелерди балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз",- деп айтылат маалыматта

Эң көп окулган жаңылыктар