02:36
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

УТРКнын жетекчилиги алмашты: Уланбек Сатиев башкы директор болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Уланбек Сатиевди Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Уланбек Сатиев
Уланбек Сатиев 41 жашта. Ал буга чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп иштеп, президенттин басма сөз кызматында узак мөөнөттө эмгектенген.

Президенттин башка жарлыгы менен УТРКнын мурдагы жетекчиси Болотбек Тиллебаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар