14:21, 21 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Майлуу-Сууда 20 миллион сомго бааланган бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, Майлуу-Суу шаардык көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган бала бакча Көк-Ой айылында жайгашкан 0,47 гектар жер тилкеси менен бирге мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатылып кеткени аныкталган.
Прокурордун аракетинин натыйжасында базар баасы 20 млн 215 миң сомду түзгөн бала бакча жана анын жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылган.