10:30, 22 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
23-октябрдан 26-октябрга чейин Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ТҮРКСОЙдун демилгеси астында 2-Түрк дүйнөсү жаштар форуму өтөт.Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.
Анын айтымында, «Келечек сенсиң» деген ураан алдында өтүүчү бул иш-чарага түрк дүйнөсүнөн жүзгө жакын жаш интеллектуалдар, лидерлер, чыгармачыл жаш интеллигенциянын өкүлдөрү катышат. Бул форум ондогон өлкөлөрдөн келген жаштардын башын бириктирген өзгөчө платформа болуп саналат.
Азыркы чалкеш заманда келечек муунду кайсы маселелер ойлонтот, идеялардын трансформациясы, руханий жаңыруунун жана калыптануунун өзөк ойтутумун камтыган бу форумда ааламдашкан дүйнөнүн негизги уңгуою, транзиттик мезгилдин башкы тренддери жаштардын көз караш призмасы аркылуу ортого коюлат.
Форумда Түрк авиация жана космос өнөр жайы ААКнын жана авиамотор өнөр жай ААКнын Башкы директору, профессор, доктор Махмут Фарук Акшит мотивациялык баяндама жасайт. Түркиянын атактуу учкучсуз учактары, авиа өнөр жай, космосту өздөштүрүүдөгү жетишкендиктери жана перспективасы тууралуу кызыктуу концепт баян этилет.
Форум ишине ардактуу конок катары Түркиянын көрүнүктүү илимпозу, коомдук ишмери Рухи Эрсой да катышып, кеңири сөз сүйлөйт.
Форумдун башкы идеясы — түрк жаштарынын биримдиги, лидерлик сапаты, келечеги.