Бишкек шаарынын мэриясы жазгы көрктөндүрүү үчүн 50 миңден ашуун көчөт сатып алат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кыргызстандагы транспорттук абанын булганышына каршы күрөшүү: шаарлардын жыл бою таза абага карай» аттуу диалогунда сүйлөп жатып билдирди.
Ал буга чейин көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча масштабдуу кампания башталганын, анын жүрүшүндө 15 миңден ашуун көчөт отургузулганын эске салды.
Анын айтымында, муниципалдык экологиялык кеңеш бул санды жетишсиз деп эсептеп, 50 миңден ашуун жаш көчөттөрдү сатып алуу чечими кабыл алынган. Бул көчөттөр 2026-жылдын жазында отургузулат.
Мэрия учурда жалбырактуу бактарга артыкчылык берилип жатканын, шаар бийлиги адистердин сунуштарын аткарып жатканын кошумчалады.