2025-жылдын башынан бери Ош шаарында 65 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн басымдуу бөлүгү турак жай секторунда болгон: 28 өрт турак үйлөрдө болсо, дагы 33 өрт электр шаймандарын туура эмес колдонуудан болгондугу айтылды.
Өрттүн алдын алуу үчүн ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, 4211 турак-жайды текшерүүдө.
Бул сапарлардын жүрүшүндө 15888 жарандын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга өрт коопсуздугунун негизги эрежелери эскертилди.