12:30, 22 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
«Кыргызкөмүр» ишканасы көмүрдүн баасын жогорулаткан айдоочуларды кара тизмеге киргизет. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кече кенинен көмүр ташып жаткан бардык катуу отун ташуучуларга расмий билдирүү жөнөтүлдү. Эгерде айдоочулар бааны Монополияга каршы кызмат белгилеген чектен жогору коюп жатканы аныкталса, алар кара тизмеге киргизилет. Ошондой эле аларга кенге кирүүгө тыюу салынат.
Учурда кенде көмүр баасы тоннасына 2460 сомду түзөт, ал эми Бишкек шаарында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген чектөөчү баа 6600 сомдон ашпоого тийиш.
Компаниядан белгилешкендей, көмүрдү 5–6 эсеге жогорулатып сатуу же бааны жасалма түрдө көтөрүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрүү мыйзамсыз.