Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт

08:00, 23 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Орусиянын Маданият министрлиги жана Росконцерттин колдоосу менен уюштурулган Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

29-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын сахнасында Орусиянын эмгек сиңирген артисттери Пелагея, Сергей Волчков, Александра Воробьева, София Онопченко, Вадим Эйленкриг, Николай Землянских жана Анастасия Тюрина концерт беришет. Концерт Россия Федерациясынын Эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги астында фонограф-симфо джаз оркестринин коштоосунда өтөт.

Ушул эле күнү филармониянын фойесинде Кино музейдин «Бир экранда Россия-Кыргызстан-Кино» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Ал эки өлкөнүн кинематография тармагындагы кызматташтыгына арналган.

29-октябрдын кечинде «Манас» кинотеатрында орус кинофестивалы башталат. Конокторго «Август» фильми көрсөтүлөт жана режиссер Никита Высоцкий менен жолугушуу болот. Кийинки күндөрдө «Советтер Союзунун сүйүүсү», «Тизмеде жок», «Доктор динозавр», «Биринчи жолу Олимпте» тасмалары көрсөтүлөт.

30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрында Никита Михалковдун «Мастерская 12» театрынын гастролдору болот. Бишкектик көрүүчүлөр Евгений Шварцтын чыгармасынын негизинде коюлган «12» жана «Жоголгон убакыт жомогу» спектаклдерин көрүшөт.

Долбоор «Чоң турлар» программасынын алкагында ишке ашып, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланышты бекемдөөгө багытталган.